СТУДЕНТУ

Кулактандыруу!

Р.Усубакуновдун жаркын элесине арналган ФИЗИКА, МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАТИКА багыттары боюнча ОЛИМПИАДА өткөрүлөт. Олимпиадага 1-3-курстарынын студенттери катыша алышат. Олимпиаданын 1-туру 25-апрелден 3-майга чейин өткөрүлөт (катышуучулар тайпаларга бөлүштүрүлөт);
2-туру 4-12 майда болот.
2-турга ар бир тайпадагы 1-турдан жогорку балл алган 2 студент катыша алат.
Катышууну каалагандар болсо 1-окуу имаратынын 3-кабатындагы ФМББжМТФнин деканатына кайрылыӊыздар.

Р.УСУБАКУНОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН 1-КУРСТАН 3-КУРСТКА ЧЕЙИНКИ СТУДЕНТТЕРДИН ОРТОСУНДА ФИЗИКА, МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАТИКА БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА ӨТКӨРҮЛӨ ТУРГАН ОЛИМПИАДАНЫН ГРАФИГИ

1. 1 тур 25-апрель — 3-май Ар бир группада тандоо туру жүргүзүлөт
2. 2 тур 4-12 май Группада жогорку балл алган 2 студент, жыйынтыктоочу турга катышат

 

БААЛОО КРИТЕРИЙИ – ар бир берилүүчү маселеге (эсепке) 7 баллдан. Эгерде маселенин чыгарылышы толугу менен болсо – 7 балл, эгерде маселе чыгарылып, жыйынтыгы жок болгон учурда – 5 балл, ал эми маселени чыгарууга карата жасалган кадамдын баштапкы 2 кадамы жасалса – 2 балл. Ошондой эле жогорудагы баллдан сырткары да комиссия мүчөлөрүнүн кеңешүүсү менен маселенин чыгарылышына жараша 0-7 баллга чейинки балл менен баалого болот.

 

Комиссиянын төрагасы: Бексултанов Ж.Т.

Комиссия мүчөлөрү:

Информатика:   1. Жолборсова А.

  1. Барганалиева Ж.
  2. Ачекеев К.

Физика:              1. Шаршенова Х.

  1. Карасартова Н.
  2. Дүйшөбаева Г.

Математика:      1. Баетов А.

  1. Солтонкулова
  2. Жумадил уулу А.
  3. Таирова Р.

Студенттик өкмөт:

1.Спикер: Сагыналы кызы Б.

2.Спикердин жардамчысы: Жунусалы кызы Ж.

3.Билим министри: Калыбекова Н.

4.Маданият министри: Айбашбек уулу И.

5.Спорт министри: Боютов Т.

6.СМИ: Турусбек кызы А.